Касса ачыңыз же MySafarды иштеп жаткан агенттигиңизге кошуңуз. Рейс издейсиз, брондойсуз, билет жазып бересиз — баары бир дашбордда. Ар бир сатуудан түшкөн комиссия — Сиздики.
Сайт да, иштеп чыгуучу да, авиакомпаниялар менен келишим да керек эмес. Кардарды Сиз алып келесиз — системаны биз беребиз.
Үч багыт
Авиакасса — даяр дашборд
Келишим түзүлгөндөн кийин уруксат ачабыз. Рейс издейсиз, брондойсуз, билет жазып бересиз, керек болсо кайтарасыз. Эч нерсе орнотуп, иштеп чыгуунун кереги жок — браузер жана интернет жетиштүү. Операторлоруңузду үйрөтөбүз, комиссияны сатуу көлөмүнө жараша макулдашабыз.
API-өнөктөш — өз платформаңызга кошуу
Сайтыңыз же тиркемеңиз болсо, билетти өз интерфейсиңизде сатасыз. API ачкычы, sandbox, webhook жана документация — биздин тараптан. Интеграция учурунда инженерлерибиз байланышта болушат. API дашборд менен катар да иштейт.
Бизнес — корпоративдик тариф
Иш сапары үчүн эми ар жолу агент издебейсиз. Корпоративдик баалар, эсеп боюнча төлөм, чыгымдардын отчету жана жеке менеджер.
Кимге ылайыктуу
Эми баштагандар
Кеңсеңиз же сатуу пунктуңуз бар, авиабилетти жаңы кызмат катары кошкуңуз келет. Баштапкы салым керек эмес.
Иштеп жаткан агенттиктер
Бир нече жеткирүүчү менен иштейсиз, бирок багыттар же комиссия жетишсиз. Бизди параллель канал катары кошуп, салыштырып көрүңүз.
Өз платформасы барлар
Сайт, тиркеме же бот бар — жана авиабилетти ассортиментке кошкуңуз келет. API дал ошол үчүн керек.
Табыштама калтырыңыз